Кыргыз күрөш боюнча “Губернатордун кубогу” өттү

Кыргыз күрөш боюнча “Губернатордун кубогу” өттү
3-Май 2017, Шаршемби

Чүй облусунда алгачкы ирет кыргыз улуттук күрөшү боюнча эркектер арасында “Губернатордун кубогу” турнири өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган. Мелдештердин максаты – Чүй облусунун өспүрүмдөрүнүн жана чоңдорунун арасында кыргыз күрөшүн жайылтуу болуп саналат.

Анын катышуучулары 8 райондун жана Токмок шаарынын 54 өкүлү болушту. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, медалдар жана губернатордун кубогу менен сыйланышты.


Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Б.Кудайбергенов жаштарды спорт менен алектенүүгө, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө чоң көңүл бурууга чакырып, акимдерге командаларын колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Ысык-Ата району 1-орунду, Чүй району 2-орунду, Токмок шаары 3-орунду ээлешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!