​Мейвезер агынан жарылды: Ушак!

​Мейвезер агынан жарылды: Ушак!
12-Апр. 2019, Жума, 15:48

Жакында эле Манила шаарында филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо менен Флойд Мейвезер жолугуп, реванш мелдешине чекит коюшкан. Бирок, андан кийин бул мелдеш тууралуу маалыматтар абдан талкууланып жаткандыгына кабатыр болгон 42 жаштагы мушкер агынан жарылды. Анын айткандарын “Vringe”сайты жазып чыкты.

Беш салмактагы дүйнө чемпиону, профессионалдык рингдеги жеңилбес боксчу Флойд Мейвезер реванш мелдеши тууралуу “Ушак,ушак жана ушак” деп кыска жана нуска жооп берди. Ал “Мейвезер–Пакьяо II — карандай калп!” деп айтты.

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо кийинки мелдеши июль айында болушу күтүлүүдө. Бирок, анын каршылашы азырынча айтыла элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!