​Порье Хабиб Нурмагомедовго чакырык таштады

​Порье Хабиб Нурмагомедовго чакырык таштады
16-Апр. 2019, Шейшемби, 11:01

Америкалык мушкер Дастин Порье UFC 236 мелдештери алкагында UFCнын жеңил салмактагы убактылуу чемпиону наамына болгон таймашта Макс Холлоуэяны жеңип алды. Мелдештен кийин Порье орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго чакырык таштады.

Дастин Порье менен Макс Холлоуэянын таймашы толугу менен беш раундка чейин улантылды. Порье калыстардын жалпы чемим менен 49:46, 49:46, 49:46 жеңишке жетишти. Эми анын кийинки мелдеши орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен болмокчу.

Таймаштан кийин Порье Нурмагомедовго “Жигит, эми чемпиондук кур бар, мени менен таймашууга даяр бол” деп кайрылды.

Америкалык мушкер Дастин Порье 25 мелдешке чыккан. Анын бешөөндө жеңилип калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!