​Месси менен Роналдунун чуулгандуу сүрөтү чыкты

​Месси менен Роналдунун чуулгандуу сүрөтү чыкты
16-Апр. 2019, Шейшемби, 11:47

Француздардын атактуу “France Football” журналы жаңы саны тууралуу жар салды. Анын биринчи бетинде португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жана аргентикалык футболчу “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин өбүшүп жаткан сүрөтүн чыгарышты.

Мындай кадамга баруусуна эки футбол жылдызынын көп жылдан берки атаандашуусу себебчи болгон. Сүрөттүн алдына “Мессиби же Роналдубу?” деп суроо ташташкан.

Учурда бул сүрөт социалдык тармактарда катуу талкуу жаратып, спортчулар өз пикирлерин калтырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!