​Хоккейчилер катуу мушташты (видео)

​Хоккейчилер катуу мушташты (видео)
16-Апр. 2019, Шейшемби, 14:06

Улуттук хоккей лигасынын (НХЛ) үчүнчү беттешүүсүндө орусиялык хоккейчи, "Вашингтон" командасынын чабуулчусу Александр Овечкин “Каролина” клубунун оюнчусу Андрей Свечников менен катуу мушташа кетти. Бул тууралуу «Чемпионат.com» сайты жазууда.

Маалыматка ылайык "Каролина" 5:0 эсебинде "Вашингтон" командасын жеңип алган.

Оюндун биринчи бөлүмүндө 33 жаштагы Александр Овечкин “Каролина” клубунун 19 жаштагы хоккейчиси Андрей Свечников менен мушташып, нокаут жыккан. Хоккейчи дарыгерлердин коштоосу менен хоккей талаасынан алынып кеткен жана андан ары ойной алган эмес.

Мушташ видеосун бул жерден көрүүгө болот:https://www.youtube.com/watch?v=SeUmmkn4meg

Эки спортчуга тең дароо беш мүнөттүк жаза берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!