Криштиану ​Роналдунун жеңилиши тууралуу апасы үн катты

Криштиану ​Роналдунун жеңилиши тууралуу апасы үн катты
18-Апр. 2019, Бейшемби, 10:52

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду соңку 10 жылдын ичинде алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыга албай калды. Бул тууралуу Криштиану Роналдунун энеси Долорес Авейру беттешүүдөн кийин уулу менен сүйлөшкөндүгүн айтып чыкты. Батыштын ЖМКнын маалыматына караганда Долореш Авейру жарым финалга чыга албай калгандыгы үчүн Криштиану Роналду абдан капа болгондугун айтты.

Долореш Авейру “Эне, мен кереметтерди жасай албай жатам. Чемпионатта иштерибиз жакшы эле. Ал эми Чемпиондор лигасында ийгиликке жетише албадык. Бирок, эч нерсе кыла албайбыз,жашоо уланууда” деп уулу Криштиану Роналдунун айткандыгын билдирди.

Чемпиондор лигасынын чейрек финал беттешүүлөрүндө туриндик “Ювентус” командасы “Аякс” футбол клубуна 1:2 эсебинде жеңилген. Эки оюндун жыйынтыгында “Ювентус” голландиялык “Аякс” командасына " (1:1; 1;2) жеңилип, оюндан чыгып калышты.

Муну менен Криштиану Роналду соңку 10 жылдын ичинде алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыга албай калды.

Криштиану Роналду “Реал” курамында Чемпиондор лигасында 4 жолу жеңишке жетишкен. ( 2014, 2016, 2017 жана 2018-жылдары).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!