Криштиану Роналду «Ювентустан» кетеби?

Криштиану Роналду «Ювентустан» кетеби?
19-Апр. 2019, Жума, 12:01

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жакынды футбол клубунан кетет. Бул тууралуу La Repubblica басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык португалиялык футболчу Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыга албай калгандыгына абдан капа болгон жана клубдун жетекчилиги менен мамилеси бир кыйла начарлап кеткен.

Алдын-ала маалыматтарга караганда Роналду 2020-жылы жайында “Ювентус” клубунун кетиши мүмкүн. Анын клуб менен келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.

Атактуу футболчу соңку 10 жылдын ичинде алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыга албай калды. Чемпиондор лигасынын чейрек финал беттешүүлөрүндө туриндик “Ювентус” командасы “Аякс” футбол клубуна 1:2 эсебинде жеңилген. Эки оюндун жыйынтыгында “Ювентус” голландиялык “Аякс” командасына " (1:1; 1;2) жеңилип, оюндан чыгып калышкан.

Муну менен Криштиану Роналду соңку 10 жылдын ичинде алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыга албай калды.

Криштиану Роналду “Реал” курамында Чемпиондор лигасында 4 жолу жеңишке жетишкен. ( 2014, 2016, 2017 жана 2018-жылдары).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!