​Месси Чемпиондор лигасынын аптадагы эң мыкты футболчусу аталды

​Месси Чемпиондор лигасынын аптадагы эң мыкты футболчусу аталды
20-Апр. 2019, Ишемби, 09:46

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жыйынтыгында аптанын эң мыкты футболчусу аталды. Аргентиналык футболчу 1/4 финалынын жооптук беттешүүсүндө дубль голу киргизип, «Манчестер Юнайтед» командасын 3:0 эсеби менен жеңип алды.

Кечээ, Европанын футбол Асссоциациялар бирлиги (УЕФА) Чемпиондор лигасынын чейрек финалында мыкты ойногон футболчулардын талапкерлерин көргөзгөн.

Талапкерлер арасында “Барселона” клубунун жарым коргоочусу Филипп Коутиньо, «Манчестер Юнайтед» дарбазасына гол тепти (3:0), Давид Нерес («Аякс») – «Ювентус» менен оюндагы голу (2:1), Рахим Стерлинг («Манчестер Сити») анын «Тоттенхэм Хотспур» дарбазасындагы голу (4:3), Лионель Месси («Барселона») – «Манчестер Юнайтед» дарбазасына голу эсептелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!