​Криштиану Роналду мураскерин атады

​Криштиану Роналду мураскерин атады
24-Апр. 2019, Шаршемби, 10:26

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Бенфика” (Португалия) футбол клубунун таланттуу футболчусу Жоау Фелишти командасына алууга жардам берет. “Sportsmole” басылмасы Криштиану Роналду 19 жаштагы португалиялык футболчуну трансфер жасоого макул болуп, жада калса мураскер катары көргөндүгүн жазып чыкты.

Криштиану Роналду “Ювентус” сөзсүз, жайкы трансфер терезеде Жоау Фелишти алуусу керек. Ал менин ордумду баса турган таланттуу оюнчу жана кийинки Чемпиондор лигасында туриндик команданы жеңишке жетишине жардам берет" деп айтты

Басылма Жоау Фелишке Италия клубунан башка «Манчестер Юнайтед», «Манчестер Сити» жана «Реал Мадрид» клубдары кызыгып жаткандыгын жар салды.

Ал эми Фелиш болсо “Ювентуска” өтүүгө каршы эмес. Быйылкы сезондо ал 37 беттешүүгө катышып,16 гол киргизген. 12-апрелде Европа лигасынын 1/4 финалында хет-трик гол киргизген эң жаш футболчу аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР