​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)

​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)
24-Апр. 2019, Шаршемби, 11:13

Кесипкөй спортчулар - эл назарындагы коомдук адамдар, биз аларды дээрлик күн сайын көрүп, көнүп калганбыз. Бирок, алар да бир кездерде мектепке барып, балалык күндөрүндө спортчу болууну каалашкан. Эмесе, биз бир канча атактуу спортчулардын бала кездеринен айтып берели:

КРИШТИАНУ РОНАЛДУ

Криштиану Роналду чоң үй-бүлөдө төрөлгөн. Кичинекей кезинде коңшулары менен футбол ойногонду жакшы көрчү. Аны голландиялык футболчу Патрик Клювертта окшоштуп “Клюверт” деп атап алышкан. Жылдар өткөн сайын Криштиану Роналдунун футболго болгон ышкысы күчөп, 8 жашына келгенде биринчи футбол клубу “Андоринья” командасына кошулат. Ошондон баштап атактуу футболчунун карьердик сапары башталган.

СЕРЕНА ЖАНА ВИНУС УИЛЬЯМС

Бала кезинен тартып Винус жана Серенаны атасы теннис менен машыгууга үйрөтөт. Натыйжада эки кызы тең дүйнөнүн биринчи ракеткасы болушту. Алардын көп сандаган жеңиштери бар. Серена болсо, бир канча жылдан бери дүйнөлүк рейтингде теннис спортчуларынын сап башында келатат.

МЭННИ ПАКЬЯО

Мэнни жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын алты бир тууганы болгон. Каражат аздыгынан Мэнни окуусун таштап, кичинекейинен иштөөгө туура келет. Күндүз ал үй-бүлөөсүн багуу үчүн акча табат. Кечинде болсо бокс менен машыгып турган. Ушул убактарда аны машыктыруучу Фредди Роуч байкап калып, учурда дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону болду.

ЛИОНЕЛЬ МЕССИ

Лионель карапайым бир үй-бүлөдө туулган, атасы ишканасынын жөнөкөй жумушчу болгон.Ал эми энеси пол жуугуч болуп иштечү. Мессинин үч бир тууганы бар. Месси футбол менен 5 жашында ойной баштаган. Ал балдардын “Грандоли” клубунда ойноп, биринчи машыктыруучусу атасы болгон.

ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган. Ал спорттук үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы Абдулманап эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону болгон. Хабибди 5 жашынын баштап машыктыра баштаган. Ошондуктан мушкер “Эс тарткандан бери күрөшүп” келатам деп айтып жүрөт.

КОНОР МАКГРЕГОР

Макгрегор бала кезинде спорттун ар кандай түрү менен машыгат. Айрыкча, футбол ойноп, өспүрүм кезинде эр күрөш менен олуттуу машыгууну баштайт. 16 жашында SBG командасына кошулат. Анын айтымында анын спорттук карьерасында башкы ролду апасы ойногон. Апасынын аракети менен Конор бүгүнкү атак-даңка жеткендигин байма-бай айтып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду