​2019-жылы “Алтын Бутса” сыйлыгын ким алат?

​2019-жылы “Алтын Бутса” сыйлыгын ким алат?
25-Апр. 2019, Бейшемби, 11:04

Быйылкы сезон аяктарына жакындап баратат. Ал эми Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгынына 2019-жылы ким татыктуу болоору, азыртадан эле талкуулана баштады. Бул тууралуу “Readfootball.com” порталы иликтеп көрдү. Маалыматка ылайык “Алтын Бутса” сыйлыгы УЕФАга кирген улуттук футбол биринчилигиндеги командаларынын мыкты чабуулчулары арасынан тандалат. Эң алдыңкы бомбардирлерди тандоонун рейтинги төмөндөгүчө аныкталат: Чемпионатта киргизген голдору лигадагы коэффициент менен көбөйтүлөт. (Ал УЕФАдагы өлкөсүнүн рейтинги менен байланыштуу)

МБАППА ЖЕ МЕССИБИ?

Быйылкы сезондо “Алтын Бутса” сыйлыгынын эң башкы талапкерлери “Барселона" чабуулчусу Лионель Месси жана “ПСЖ” форварды Килиан Мбаппе болууда. Учурда Месси Испания биринчилигинде 33 голу менен алдыда келатат. Ал эми Мбаппе француздардын 1-Лигасында 30 голу менен экинчи орунда турат. Бирок, букмекерлердин божомолдору дагы бир топ өзгөрмөкчү. Алдыда бир канчалаган беттешүүлөр бар. Букмекер кеңселери 2018/19 сезонунун жыйынтыгы боюнча “Алтын бутса” сыйлыгына коюм-чендерин кабыл алып жатышат.

Букмекер кеңселеринин учурдагы коэффициенттери:

Аргентина, Лионель Месси – 1.75;

Франция, Килиан Мбаппе – 3.00;

Италия, Фабио Куальярелла – 50.00;

Франция, Карим Бензема – 50.00;

Синегал, Мбайе Диане – 150.00.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!