Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"

Дана Уайт:
25-Апр. 2019, Бейшемби, 11:32

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор бири-бири менен өз ара сыйлашаар убакыт келет. Бул тууралуу Американын Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун президенти Дана Уайт билдиргендигин ESPN спорттук каналын жазып чыкты. Анда Дана Уайт эки мушкер өз ара ынтымакка келип, бири-бирине сый мамиле жасай тургандыгын белгилеген.

Анын айтымында эки мушкер эч качан элдеше албайт. Бирок, алар 7-10 раунд таймашкандан кийин бири-бирине болгон сый-урмат пайда болоорун билдирди.

Дана Уайт “ Менин оюмча Нурмагомедов менен Макгрегор бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышкан убакыт келет” деп айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн жылы 7-октябрда "UFC" 229 мелдешинде Хабиб ирландиялык мушкер Конор Макгрегорди 4-раундда жеңип, натыйжада эки тараптуу мушташ чыккан. Учурда эки мушкер тең 2019-жылдын күз айларына чейин спорттон четтетилген. Андан бери эки мушкердин интернет айдыңында айтышуулары чектен чыгып, бири-бирине абдан ыңгайсыз айыптоолорду айтышып келатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!