Путин кызытма боюнча мыйзамга кол койду

Путин кызытма боюнча мыйзамга кол койду
3-Май 2019, Жума, 11:07

Орусиянын президенти Владимир Путин спортчулар жана машыгуучуларга кызытма (допинг) үчүн айыппул төлөөчү мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык спортчулар,машыктыруучулар жана спорт дарыгери тыюу салынган кызытмаларды колдонуп же колдонууга аракет кылышса 30 миңден 50 миң рублга чейин айыппул салынат. Ал эми кызытма таркаткандар болсо, 40 миңден 80 миңге чейин айыппул төлөшөт.

Федерация кеңешинин профилдик комитетинин бүтүмүнө караганда бул мыйзам спорттогу кызымта колдонуу менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, баардыгына тоскоолдук катарында кызмат кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!