​Хабиб Нурмагомедов кызытма колдонобу?

​Хабиб Нурмагомедов кызытма колдонобу?
4-Май 2019, Ишемби, 14:15

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов кызытма (допинг) колдонобу? Бул суроого мушкердин атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жооп бергендигин орустун ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу мушкердин кызытмалары Авар хинкалы (улуттук тамак),койдун куйругу,эт, бал,жаңгак жана кара икра экендигин санап берген. Мындай тамактануу менен Хабиб эч качан жеңилбестигин белгиледи.

Абдулманап Нурмагомедов айрыкча мындай саламат,сергек жашоо образы уулунун допингин алмаштыра тургандыгын айткан. Мындан тышкары Хабиб эч качан алкогол ичимдигин татып көрбөгөндүгүн кошумчалады.

Эсиңиздерге сала кетсек, 7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринде Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Дастин Порье беттешет.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып, 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!