​Азия биринчилигинде Кыргыз балбандары 8 медаль утуп келишти

​Азия биринчилигинде Кыргыз балбандары 8 медаль утуп келишти
6-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:30

Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар 8 медаль менен кайтышты. Азия оюндарына Кыргызстан атынан 10 балбан катышып, жалпысынан 30 комлект медаль ойнотулган.

Алардын арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки категорияда күч сынашкан балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова алтын медалдын ээси болуп, 3 - ирет Азия чемпиону болду. Балбан кызыбыз алгачкы алтын медалды 2016-жылы тагынса, 2017-жылы экинчи жолу чемпиондукту жеңип келген.

Ал эми Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашып, финалда өзбек балбаны Жахонгир Турдиевди 3:2 упай эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Мындан сырткары биздин команданын эсебинде 1 күмүш жана 5 коло бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!