​Мессинин “Барселона” үчүн биринчи голу (видео)

​Мессинин “Барселона” үчүн биринчи голу (видео)
6-Май 2019, Дүйшөмбү, 12:03

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси “Барселона” үчүн биринчи голун мындан 14 жыл мурун киргизген. Анда 17 жашта болгон Лионель Месси Роналдиньо ыңгайлаштырып берген топту “Альбасете” дарбазасына тепкен. Бул гол атактуу футболчунун каталониялык клубдагы дебюттук голу болуп калган:


Учурда футболчунун эсебинде Испаниянын 9 чемпиондук наамы, 6 жолу Испания Кубогу, 8 ирет Испания Суперкубогу, 4 жолу Чемпиондор лигасы, 3 жолу УЕФА Супер кубогу жана 3 жолу клубдук дүйнө чемпионатына татыктуу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!