АФК Кубогу: “Алтын Асыр” “Дордойду” жеңип алды

АФК Кубогу: “Алтын Асыр” “Дордойду” жеңип алды
4-Май 2017, Бейшемби

3-майда АФК Кубогунун “D” тайпасында бишкектик “Дордой” Түркмөнистан Балканабад шаарында үй ээси болгон “Алтын Асыр” менен оюн өткөрүп, жыйынтыгында 3:0 эсебинде “Алтын Асыр” командасы жеңишке жетишти.

Бул жыйынтык менен "Дордой" тайпага чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эске салсак, буга чейин Оштун "Алай" командасы да өз тайпасында тажикстандык "Истиклол" менен беттешип, 4:1 эсеби менен жеңилип тайпага чыгуу үчүн күрөштү токтоткон.

Белгилей кетсек, АФК кубогу - Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!