​Мухаммед Салах "Барселона"менен беттешүүгө катышпайт

​Мухаммед Салах
7-Май 2019, Шейшемби, 10:55

Чемпиондор лигасынын жарым финалы алкагындагы жооптук беттешүү бүгүн болот. Анда «Барселона» менен «Ливерпуль» командалары ойношот. Бул оюнга Египеттик футболчусу, англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах катышпайт. Анткени, ал 4-майда Англия чемпионатынын 37 туру алкагында "Ньюкасл Юнайтед" командасы менен болгон беттешүүдө дарбазачы менен сүзүшүп, катуу жаракат алган. “Ливерпуль” командасынын башкы машыктыруучусу Юрген Клопп бул маалыматты тастыктады.

Клопп “Салахтын мээси чайкалган, оюнга даяр эле бирок дарыгерлер уруксат берген жок. Медицина жагынан караганда бул футбол ойногонго жетишпейт. Салах жуманын аягындагы оюнга сөзсүз катышат” деп айтты.

"Ливерпуль"- "Барселона" беттеши "Энфилд" стадионунда (54 074 орундук) болот. Биринчи беттешүү 1-майда Барселона шаарындагы «Камп Ноу» стадиондо (99 354 көрүүчү) өтүп, 3:0 эсебинде каталондуктардын пайдасына чечилди.

Чемпиондор лигасынын финалы 2019-жылдын 1-июнунда өтөт. Бул бүйүрдү кызыткан беттешүү Мадрид шаарынын "Ванда Метрополитано" стадионда болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!