​Дүйнөнүн эң кымбат жаш футболчусу аталды

​Дүйнөнүн эң кымбат жаш футболчусу аталды
7-Май 2019, Шейшемби, 11:22

Дүйнөнүн 20 жашка чейинки эң кымбат футболчуларынын сап башында дортмундук "Боруссии" клубунун жарым чабуулчусу Джейдон Санчо турат. Бул тууралуу Эл аралык футбол спорттун изилдөө борборунун (CIES Football Observatory) расмий баракчасында жарыялданды. Маалыматка ылайык Санчонун трансфер суммасы 150 миллион еврону түзгөн.

Дүйнөнүн 20 жашка чейинки эң кымбат футболчуларынын тизмесинин башында Санчодон кийин англиялыктардын “Арсенал” клубунун жарым коргоочусу Маттео Гендузи (€70,1 млн), италиялыктардын “Рома” командасынын Николо Дзаньоло (€67,4 млн),немисттердин “Байера” клубунан Кай Хаверц (€64,3 млн) жана англистердин "Вест Хэма" командасынан Деклан Райс (€64,2 млн) кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!