​Атактуу футболчулар Рамазан айы менен куттукташууда

​Атактуу футболчулар Рамазан айы менен куттукташууда
7-Май 2019, Шейшемби, 13:50

Европанын алдыңкы клубдарынын футбол жылдыздары ыйык Рамазан айы менен куттукташууда. Рамазан айы тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн айы болуп саналат. Социалдык тармактарда Пол Погба, Мухаммед Салах жана Лукас Подольски жана башка көптөгөн футболчулардын куттуктоо - кайрылуулары чыгууда.

Франция курама командасынын жана «Манчестер Юнайтед» клубунун чабуулчусу Поль Погба өзүнүн Instagram баракчасына “Рамазан ыйык куттуу болсун” сүрөттөрдү койгон.

Ал эми Египеттик футболчусу, англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах Твиттерде: “Рамазан айында бардык жакшылыктарды каалайм” деди.

“БААРЫБЫЗГА КАЙРЫМДУУ,ҮМҮТ ТОЛГОН АЙ БОЛСУН”

Немистердин “Арсенал” клубунда ойногон түрк футболчу Месут Өзил “Мен Рамазан айы кайрымдуу ай болуп,жакшылыктар болсун” деп жазса, бир учурда “Галатасарай” формасын кийген немис футболчусу Лукас Подольски “Мусулман дүйнөсүнө,бардык досторума бактылуу,ырыстуу Рамазан айын каалайм” деп бөлүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!