​Макгрегор орус мушкерлерин “Келемиштер” деди

​Макгрегор орус мушкерлерин “Келемиштер” деди
8-Май 2019, Шаршемби, 11:41

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор кайрадан орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун командасына асылды. Бул тууралуу “Sports.ru” жар салды. Маалыматка ылайык, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор орусиялык мушкерлер Ислам Махачев, Зубайра Тухугов жана Маирбек Тайсумовду “Келемиштер” деп Twitter баракчасына жазып, анан кайра өчүрүп салган.

Конор Макгрегор “Мельдоний” командасы алардын үчөө кармалды. Ислам, Зубайра и Майрбек. Сасык келемиштер” деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порье менен 7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринде беттешет

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып, 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!