Неймар күйөрманды чапкандыгы үчүн 3 оюнга катышпайт

Неймар күйөрманды чапкандыгы үчүн 3 оюнга катышпайт
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:54

Француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймар Франция кубогу финалында “Ренн” (2:2, 5:6 пенальти) клубунан утулгандан кийин күйөрманды жаакка бир чапкан. Атактуу футболчуга жаза иретинде Франция чемпионаттынын акырына чейин үч оюнга катышпайт.

Футболчулар күмүш медаль үчүн подиумга чыгып баратканда күйөрмандар кыйкырып, смартфонго тартып киришкен.( “Буффон - маскарапоз! Футбол ойногонду үйрөн” ж.б) Мындай айыптоолорго чыдабаган Неймар күйөрманды бетке чаап жиберген.

Франциянын футбол Федерациясы (FFF) “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймарды күйөрманды жаакка чапкандыгы үчүн 3 матчка катыштырбоо чечимин кабыл алгандыгын “Foot Mercato” басылмасы жар салды. Муну менен Неймар чемпионатка бул сезондо катыша албайт. Себеби, 3 оюндан кийин Франция чемпионатты жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!