​Криштиану Роналду Мессини эң мыкты футболчу атады

​Криштиану Роналду Мессини эң мыкты футболчу атады
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 13:44

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессини дүйнөнүн эң мыкты футболчусу атады. Бул тууралуу португалиялык футболчу испаниянын “Барселона” командасы Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Ливерпулдан”(0:4) жеңилгенден кийинки матчка пикирин айтып жатканда билдиргендигин Марса басылмасы жазууда.

Криштиану Роналду Португалиялык футболчу “Жеңилгендерден күнөөлөп калуу туура эмес. “Барселона” алдыңкы командаларынын бири жана Лионель Месси дүйнөнүн эң мыкты футболчусу” деди

Лионель Мессинин эсебинде Испаниянын 9 чемпиондук наамы, 6 жолу Испания Кубогу, 8 ирет Испания Суперкубогу, 4 жолу Чемпиондор лигасы, 3 жолу УЕФА Супер кубогу жана 3 жолу клубдук дүйнө чемпионатына татыктуу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!