​Майк Тайсон агынан жарылды: “Жашагым келбей кетет”

​Майк Тайсон агынан жарылды: “Жашагым келбей кетет”
15-Май 2019, Шаршемби, 11:09

Мурдагы дүйнөнүн оор салмак боюнча абсолюттук чемпиону Майк Тайсон туура эмес иш-аракеттери үчүн чын жүрөктөн өкүнөөрүн билдирди. Бул тууралуу атактуу мушкер ITV каналынын “Таңкы Британия” программасында айтып берди. 52 жаштагы “Темир Майк” өткөн турмушундагы кылмыштуу жылдарына абдан өкүнүү менен карайт. Маектеги олутту жерлерин белгилей кетели:

  • "-12 жашымдан баштап мага уруп-сокконду үйрөтүшкөн. Бирөөнү кемсинтип, баш ийдирүү керек болчу. Чынында, мен коркок бала болуп чоңойгом. Өзүбүздүн кылык-жоруктарыбызга отчет берчү эмесбиз. Менин тегерегимдегилер жаркын келечекке ишенишчү эмес. Бул туура эмес жашоого себепчи болгон"
  • "-Менде жакшылыктан үмүт калбай калган. Андан кийин бокс - мени түп тамырыман бери өзгөрттү. Бир учурда бандага кошулуп кеткем. Менде курал бар болчу. Адамдарга ок чыгардык. Мени дагы аткылашкан. Азыр баардыгын туура эмес кылгандыгымды түшүндүм. Өткөн өмүрүмө абдан өкүнүү менен карайм. Мен атаандаштарымы атак-даңкка жетиш үчүн кемсинкен сөздөрдү айткам. Эми эстесем жашагым келбей кетет” деп айтты.

Учурда дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча абсолюттук чемпиону, америкалык профессионал – мушкер Майк Тайсон АКШ мыйзамдарына ылайык медициналык максатта колдонууга көкнаар (марихуана) өстүрүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын мушкери” наамына татыган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган. “Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР