​Шок: Супер секирик жөө күлүккө жеңиш алып келди (видео)

​Шок: Супер секирик жөө күлүккө жеңиш алып келди (видео)
15-Май 2019, Шаршемби, 13:57

Маарага жакындаганда “Супер секирик” менен жеңишке жетишкен жөө күлүк баардыгын таң калтырууда. Мындай эки колун сунуп алдыга секирүү АКШнын Фейетвилл шаарында өткөн “Outdoor Track & Field Championships” мелдешинде кайталанды. Анда 400 метрлик аралыкка жарышып келаткан америкалык жөө күлүк Инфинит Таккер жеңишти алдырып жиберерде эки колун созуп маарага секирип,жеңишке жетишти. Спортчу бул аралыкты 49,38 секундада чуркап өткөн. Анын атаандашы Роберт Грант тең жарышып, маарага бирдей келатышкан. Мындай абалдан 21 жаштагы жөө күлүк Инфинит Таккер секирүү менен утуп кетти. Мелдештин уюштуруучулары эки колун созуп алдыга секирүүнү “Супер секирик” деп аташты.

Бул тууралуу видеону ушул жерден көрүүгө болот:https://www.youtube.com/watch?v=HI2xpelsOXA

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР