​Алина Кабаева тууралуу кызыктуу фактылар

​Алина Кабаева тууралуу кызыктуу фактылар
21-Май 2019, Шейшемби, 11:37

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, Дүйнөнүн 2 жолку, Европанын 5 жолку абсолюттук чемпиону, "Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери" наамына татыган.

Орусиялык ЖМК 7-май 2019-жылы Алина Кабаева эгиз уул төрөгөндүгүн жана наристелердин атасы Орусия президенти Владимир Путин экендигин жар салышты. Бирок, бул такталбаган маалымат, анткени Кабаеванын өкүлдөрү муну “айың кеп” деп четке кагышууда.

"Kaktakto" сайты Алина Кабаева тууралуу кызыктуу фактыларды топтогон:

№1. СПОРТТУК ҮЙ-БҮЛӨ

Алина Кабаева 1983-жылы 12-майда Ташкентте төрөлгөн. Анын атасы Марат Кабаев профессионал футболчу, “Пахтакор” клубунда ойногон. Энеси Любовь Кабаева Өзбекстандын баскетбол боюнча курама командасынын мүчөсү. Кичүү сиңдиси фехтование менен машыккан.

№2. КӨРКӨМ ГИМНАСТИКА МЕНЕН МАШЫГУУ

Алина наристе кезинен спорт менен машыккан.Кичинекей Алинаны ата-энеси көркөм муз тебүү боюнча спортко берүүнү чечишкен. Бирок, Ташкентте муз аянттары жетишсиз болгондуктан аны гимнастика секциясына жаздырышкан.

№3. СПОРТ КАРЬЕРАСЫ ЖАНА КЫЗЫТМА ЧУУСУ

Алина11 жашында чыкканда апасы менен Москвага көчүп келишет. Ал жерден Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ирина Винер даярдай баштайт. Алина кичине кезинен толук болчу аны Ирина Александровна катуу диетада кармап, суудан башка эч нерсе берген эмес.

1998-жылы Кабаева Европа чемпионатын жеңип алган. Андан кийин 4 жолу евпропанын абсолюттук чемпиону болгон. 2001-жылы орусиялык гимнасттар Ирина Чащина жана Кабаева допинг чуусу чыккан. Аларды тыюу салынган фуросемид колдонгон деп чыгышкан.

№4. ДИНИН АЛМАШТЫРГАН

2004-жылкы Олимпиада алдында Кабаева динди алмаштырган. Ал төрөлгөндөн бери Ислам дининде болсо, 2004-жылы Христиан динине өткөн

№5. ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АДАМ МЕНЕН БОЛГОН РОМАНЫ

Алина Кабаеванын адегенде 1969 –жылкы милициянын капитаны Шалва (башка аты Давид) Муссалини менен жүргөн. Жуптар бир канча жыл достошуп, үйлөнүүгө камына башташкан. Бирок, үйлөнүү үлпөтү алдында айрылышкан. Айрылуу себеби жигитинин аялы жана баласы болгон. Ал эми Алина менен Давид урушуп, тартышпай дос бойдон таркап кетишкен.

№6. ПУТИНДИН ЖАШЫРУУН КЕЛИНЧЕГИ БИРОК БУЛ ТАСТЫКТАЛА ЭЛЕК

Орусия президенти Владимир Путин менен Алина Кабаеванын мамилеси тууралуу 2008-жылдан бери айтылып да, жазылып да келатат.Акыркы 5 жылда алардын мамилеси ушак-айыңдар коштолгон темага айланган. Жада калса үйлөнгөндүгү тууралуу маалыматтар 11-апрелде 2008 - жылы чыга баштаган. Алгачкы макаланы ошол учурда «Московский корреспондент» гезити жазып чыккан.

Бул маалыматтарга Алина Кабаеванын басма сөз катчысы төгүнгө чыгарууну талап кылган. Ал эми Путин карандай калп деп жооп берген

№ 7. ПЕДАГОГИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИТАТЫ

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева Санкт-Петербург шаарындагы Лесгафт атындагы улуттук дене тарбиясы жана спорт университетинде педагогика боюнча илимдин кандитаттыгын жактаган. Университеттин окмуштуулар кеңешинде сөз сүйлөгөн атактуу спортчу “Эгерде өзүң мыкты билген тема боюнча илимий ишти жактоо мага жеңил болду”,- деп белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты