​ ​ЧЛ финалы “Ливерпуль – Тоттенхэм”: Бүгүн кимиси жеңет?(видео)

​ ​ЧЛ финалы “Ливерпуль – Тоттенхэм”: Бүгүн кимиси жеңет?(видео)
1-Июнь 2019, Ишемби, 11:53

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2018/19 сезонунун Кубогун алууга “Ливерпуль” жана “Тоттенхэм” футбол командалары беттешет. Бүйүрдү кызыткан финалдык таймаш бүгүн Мадриддин «Ванда Метрополитано» стадионунда өтөт

Бул беттешүүдө лондондук “Тоттенхэм” командасы алгачкы жолу чечүүчү турнирде күч сынашат. Ал эми “Битлз” жердештери саналган “Ливерпуль” футболчулары 5 жолу биринчилик үчүн таймашка катышкан: 1977- 1978- 1981- 1984чү жана 2005-жылдары финалда ойношкон.

БУКМЕКЕРЛЕРДИН БОЖОМОЛУ:

“Жеңиш – Ливерпуль”: 1,89

Теңме-тең: 3,72

“Жеңиш – Тоттенхэм”: 4,40

Учурда атактуу эки команданын тең курамы белгилүү болду.

«ЛИВЕРПУЛЬ»: Толугу менен 23 футболчунун тизмесин жарыялады:

Дарбазачылар: Алиссон, Симон Миньоле, Куивин Келлехер;

Коргоочулар: Трент Александр-Арнольд, Джо Гомес, Деян Ловрен, Жоэль Матип, Альберто Морено, Эндрю Робертсон, Виргил ван Дейк;

Жарым коргоочулар: Фабинью, Джордан Хендерсон, Адам Лаллана, Джеймс Милнер, Алекс Окслейд-Чемберлен, Джорджиньо Вайналдум;

Чабуулчулар: Риан Брюстер, Роберту Фирмину, Садио Мане, Дивок Ориги, Мохамед Салах, Джердан Шачири, Дэниэл Старридж.

«ТОТТЕНХЭМ»: Толугу менен 26 футболчунун тизмесин берди:

Уго Льорис, Киран Триппьер, Дэнни Роуз, Тоби Алдервейрельд, Ян Вертонген, Давинсон Санчес, Сон Хын Мин, Харри Уинкс, Харри Кейн, Эрик Ламела, Виктор Ваньяма, Мишел Ворм, Эрик Дайер, Кайл Уокер-Питерс, Мусса Сиссоко, Фернандо Льоренте, Деле Алли, Хуан Фойт, Пауло Гассанига, Кристиан Эриксен, Серж Орье, Лукас Моура, Бен Дэвис, Алфи Уайтмен, Джордж Марш, Оливер Скипп.

Сиздин оюңузча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2018/19 сезонунун Кубогун кайсы команда алат?


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР