​​UFC чемпионуна куралдуу кол салуу болду

​​UFC чемпионуна куралдуу кол салуу болду
1-Июнь 2019, Ишемби, 12:45

Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Жессика Андрадеге куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу Чемпионат.Com сайты жазууда.

Маалыматка ылайык кол салуу бразилиянын Рио-де Жанейро штатынын Нитеро шаарында болгон. Мушкердин жанындагы курбу кызы экөө тең тонолгон.

Кылмышкерлер автоунааны токтотуп, мушкерди курал менен коркутушуп, болгон нерселерин унаа менен кошо алып кетишкен. Учурда кыздардын саламаттыгы жакшы болгону абдан чочуп калышкан.

Бразилиялык мушкер 12-майда америкалык Роуз Намаюнасты жеңип,UFCнын жеңил салмактагы чемпиону болгон. Жессика Андраденин эсеп куржунунда 20 жеңиши жана алты жеңилүүсү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР