Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) жеңил салмактагы чемпиону Василий Ломаченконун жети жаштагы уулу Анатолий атасынын жолун уламай болууда. 7 жаштагы Анатолий Ломаченко рингде сынактан өтүп, атасынан кем калышпаган спортчу болоорун көргөздү.Мелдеш Василийдин туулган жери Белгород-Днестровский шаарында өттү.
Соңку мелдеште украиналык боксчу Ломаченко британиялык мушкер Энтони Кроллду төртүнчү раундда нокаут менен жеңип алган. Ошентип,31 жаштагы профессионал рингдеги Василий Ломаченко WBA жана WBO титулдарын сактап калган. Анын эсеп куржунунда 13 жеңиши жана 1 жеңилүүсү бар.