​Валентина Шевченко кийинки атаандашын атады

​Валентина Шевченко кийинки атаандашын атады
11-Июнь 2019, Шейшемби, 13:28

Кыргызстандык мушкер, жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко үчүнчү таймашы бразиялык мушкер Аманда Нуньес менен болушу мүмкүн экендигин билдирди. Sports.ru сайтына маек курган Шевченко келечекте Нуньес менен октагондо күч сынашууга мүмкүндүк болоорун белгиледи.

Шевченко “ Ушуга чейин эң төмөнкү дивизиондогулар менен таймашып келдим. Мага ар кандай салмактагылар менен чыгууга туура келди. Өзүмдөн жогору салмактар менен дагы чыктым. Учурда, жогору салмактагылар менен мелдешке чыгууга даярмын” деп айтты.

UFC чемпиону Валентина Шевченко буга чейин Аманда Нуньес менен эки жолу мелдешке чыгып,жеңилип калган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-июнда кыргызстандык мушкер, жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут кулатып, чемпиондук наамын коргоп калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!