​“Кыргызстан – Палестина”: Теңме - тең чыкты

​“Кыргызстан – Палестина”: Теңме - тең чыкты
12-Июнь 2019, Шаршемби, 10:31

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен жолдоштук беттеште 2:2 эсеби менен теңме-тең чыкты. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттешүүгө күйөрмандар көп келип, оюн талаасы сүрөөн-кыйкырык менен коштолду

“Ак шумкарлардын” алгачкы голун Турсунали Рустамов башы менен сүзүп киргизип, 1-бөлүк 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Экинчи топтун ээси Бекжан Сагынбаев болду. Андан көп узабай эле палестиналыктар эсепти өзгөртүп, кыргызстандыктардын дарбазасына өздөрүнүн алгачкы тобун киргизди.

Андан кийин пенальтиде конок спортчулар эсепти 2:2 кылып теңдешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!