​Поль Погба эмнеге мусулман болгондугун айтты

​Поль Погба эмнеге мусулман болгондугун айтты
12-Июнь 2019, Шаршемби, 14:29

Англиянын “Манчестер Юнайтед” клубунун жарым коргоочусу Поль Погба ислам дини тууралуу үн катты. The Times басылмасына маек курган атактуу футболчу кантип мусулман болгондугун ортого салды. Ал 20 жашында ислам динин кабыл алгандыгын белгилеп: “Мусулман болгонум мени жакшы адам кылды. Бир топ досторум менен таң заардан ибадат кылып, спорт менен дагы машыгып турабыз” деди

АПАМ МУСУЛМАН БОЛЧУ.

“ - Мен мусулман болуп төрөлбөсөм деле апам мусулман болчу. Учурунда өзүмө көп суроо бердим. Андан кийин жеке өзүмдүн изилдөөлөрүмү жүргүздүм. Бир жолу досторум менен ибадат кылып, башка бир нерсени сездим. Ошондон бери мечитке барам. Беш жолу намаз окуп, ушул колуңда бар бакубат өмүргө ыраазычылык билдирип, кечирим сурап, топук кылуу керек”.

“ - Ислам дини акыл-эсимди ачып,мыкты адам кылды. Тиги дүйнөнү ойлондум. Ислам-бул жалпы адамзатка жана баарына болгон урматтоо деп билем”.

МУСУЛМАНЧЫЛЫКТЫН ТЕРРОР МЕНЕН ЭЧ КАНДАЙ АЛАКЫСЫ ЖОК

Поль Погба Рамазан айында кайрадан Меккеге барды. Ал ислам дининин эч кандай терроризм менен байланышы жок. Кээде телеканалдар туура эмес көргөзөт. Чындыгында ал башка,керемет нерсе экендигин белгиледи.

“Мен үчүн ислам - баардык нерсе. Ал мени шүгүр кылып,топук кылууга үйрөттү. Жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Бул мени ичимден абдан тынч,токтоо кылып турат” деди

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!