​Мас футболчу аэропортто чатак салды​

​Мас футболчу аэропортто чатак салды​
13-Июнь 2019, Бейшемби, 16:35

Орусиянын курама командасынын жана “Зенит” фубол клубунун дарбазачысы Андрей Лунёв Внукова аэропортунда мас абалында ызы-чуу чыгарды. Бул тууралуу BazaТelegram-каналы жар салды.

Маалыматка ылайык Андрей Лунёв Санкт-Петербург шаарына учаар алдында учакта чуу салган.

Андрей учакка уруксат бербеген “Россия” авиакомпаниясынын кызматкерлерин шылдыңдап жана кордоп кирген.

Андан кийин Лунёвду полиция бөлүмүнө алып барышкан. Футболчунун канынан алкоголь чыккан. Футболчу тартип бузуу, ээнбаштык беренелери менен айып пул төлөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!