​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду

​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 10:32

Лондондун “Челси” клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Маурицио Сарри туриндик “Ювентус” командасынын башкы машыктыруучусу болду. 60 жаштагы италиялык атактуу адис менен келишим эки жылга түзүлдү. Бул тууралуу “Ювентус” клубунун басма сөз кызматы маалымдады.

Сарри Италиянын белгилүү клубунун мурдагы машыктыруучусу Массимилиано Аллегринин ордуна келди. Ал чемпионаттын кийин иштен кеткен болчу. Ал эми жаңы машыктыруучунун максаты 2020-жылы Чемпиондор лигасында жеңишке жетишүү болуп саналат.

Белгилей кетчү жагдай Сарри лондондук “Челси” командасына чейин“Наполи” футболчуларын машыктырган. Ал бул команда менен Италия биринчилигинде күмуш жана коло медалга татыктуу болгон. Ал эми 2016-жылы Италиянын эң мыкты машыктыруучуларына бериле турган “Алтын такта” сыйлыгына татыктуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!