“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм

“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 11:23

Француздардын “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун президенти Нассер Аль-Хелаифи мындан ары футболчулар иштерине болгон мамилесин өзгөртпөсө чекит коеорун жар салды. Бул тууралуу “France Football” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык футболчулар жумушка болгон мамилесин өзгөртпөсө, коштошууга даяр экендигин белгилеген.

Нассер Аль-Хелаифи “Мен мындан ары жылдыз футболчуларды көргүм келбейт. Эгерде биз түп-тамырынан бери өзгөртүү жасабасаң, тунгуюкка кептелебиз. Футболчулар мындан ары абдан жоопкерчиликтүү болуулары керек. Эми аларга талап күчтүү болот. Аларга көп иштөөгө туура келет. Алар бул жерге ырахаттанууга келген эмес. Кимде-ким макул болбосо, эшик ачык”,- деп айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, франсуздардын "ПСЖ" футбол клубу быйылкы сезондо Франция чемпионатын жеңип алган. Бирок, Чемпиондор лигасында ийгиликке жетише алган эмес. Жакында атактуу клуб жетекчилигин да алмаштырууну чечкен. Мурдагы “Миландын” спорттук директору эми франсуздардын "ПСЖ" клубуна которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!