​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!

​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
19-Июнь 2019, Шаршемби, 13:24

Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен 7-сентябрда Абу-Даби шаарында боло турган мелдеш тууралуу үн катты. Бул тууралуу РИА Новости жазууда. Маалыматка ылайык мушкер Хабибке көрө элек көргүлүктү көргөзөм деп каарданып чыккан.

Дастин Порье “27 мушкер аны жеңүүгө аракет жасашты бирок баарынын колунан келген жок. Мен анын эң алсыз жерин көрүп турам. Так эле ошол жерге урам. Күчтүү болуш үчүн анын эсептерин билишим керек” деди

“ Хабиб мыкты, мен ал тууралуу жаман айтпайм. Ал чемпион. Бирок, мен ал көрөлө элек жерди көргөзөм” деп кошумчалады.

7-сентябрда Абу-Даби шаарындаөтө турган Хабиб – Порье мелдешине 18 миң көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!