​“ПСЖ” Неймардын баасын аныктады

​“ПСЖ” Неймардын баасын аныктады
20-Июнь 2019, Бейшемби, 13:37

Франция чемпиону "Пари Сен-Жермен" футбол клубу бразилиялык чабуулчу Неймарды 300 миллион еврого сатууну чечти. Бул тууралуу Mirror басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык Неймар Бразилияга кайтууну чечкен.“ПСЖ” эки жыл мурун “Барселона” клубунан 222 миллион еврого сатып алышкан.

Париж клубу Неймарга 300 миллион еврого баасын бычып, кое берүүнү чечти.

Эми 27 жаштагы атактуу футболчунун “Барселона” бул баага кайра алабы? Футбол күйөрмандары ушул суроону күтүп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек,“Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы август айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР