​Бүгүн Африка Кубогу башталат

​Бүгүн Африка Кубогу башталат
21-Июнь 2019, Жума, 09:33

Бүгүн Египетте 32-ирет Африка улуттарынын Кубогу башталат. 21-июндан 19-июлга чейин боло турган Африка футбол боюнча биринчилигине 24 команда ат салышмакчы. Алар Египеттин 4 шаарында Каирде(3 стадиондо) Суэц, Исмаилия жана Александрия шаарларында өтөт.

Бул футбол курамалары 6 топко 4 командадан бөлүнгөн. Ал эми плей-офф баскычына 1-2-орунду алгандар жана эң мыкты делген 4 команда суурулуп чыкмакчы.

Футбол топтору

"А" тобу: Египет, ДР Конго, Уганда, Зимбабве

"B" тобу: Нигерия, Гвинея, Мадагаскар, Бурунди

"С" тобу: Сенегал, Жазоир, Кения, Танзания

"D" тобу: Марокаш, Кот-Д'Ивуар, ТАР, Намибия

"E" тобу: Тунис, Мали, Мавритания, Ангола

"F" тобу: Камерун, Гана, Бенин, Гвинея-Биссау

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР