​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты

​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 14:34

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Москвада UFC турнири болоорун кыйытты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн инстаграм баракчасында бөлүштү. Мындан тышкары Хабиб аталаш тууганы Абубакар 7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтө турган мелдешке жаратынын айынан катышпай тургандыгын белгиледи.

Хабиб Нурмагомедов “Абубакар Нурмагомедовдун UFCдеги дебюту быйылкы жылы ноябрь айында боло турган Москвадагы турнирге которулду (дагы такталат). Биз командабыз менен анын UFC 242 турнирине катышуусун кааладык бирок сентябрга чейин жаратынан сакайышы мүмкүн болбой калды. Бирок Абубакар өзү айткандай атактуу папахты бекем кармап, биз менен 7-сентябрда мелдеште болот”,- деп жазды.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов 7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порье менен таймашка чыгат.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!