​2026 -жылкы кышкы Олимпиада Миланда өтөт

​2026 -жылкы кышкы Олимпиада Миланда өтөт
25-Июнь 2019, Шейшемби, 11:03

2026-жылкы кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитетинин(МОК) Лозанна шаарында өткөн 134-сессиясында спорттук уюмдун президенти Томас Бах билдирди. Маалыматка ылайык Кышкы Олимпиадага Стокгольм (Швеция) жана Италиянын Милан менен Кортина-д'Ампеццо шаарлары талапкерлигин койгон.

Томас Бах “Биз бул Олимпиаданы кышкы спорт түрлөрү боюнча ийгиликтүү салтты бар өлкөгө тапшырып жатабыз. Италиянын күйөрмандары тажрыйбалуу уюштуруучулары менен дүйнөнүн эң мыкты спортчуларына идеалдуу абал түзөөрүнө ишенебиз” деп билдирди.

Белгилей кетчү жагдай Италия үчүн бул төртүнчү Олимпиада болуп саналат. Мурда кышкы Олимпиада эки жолу 1956 -жылы (Кортина-д'Ампеццо) жана 2006 -жылы (Турин), 1960-жылы (Рим) жайкы Олимпиада эки жолу өткөзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!