​Жоау Фелиш: “Мен Криштиану болгум келбейт”

​Жоау Фелиш: “Мен Криштиану болгум келбейт”
10-Июль 2019, Шаршемби, 10:40

Испаниянын эң чоң клубдарынын бири "Атлетико Мадрид" өткөн жумада “Бенфика” футбол клубунун 126 миллион еврого трансфер кылган португалиялык футболчу Жоау Фелишти расмий түрдө тааныштырды.

Мадриддик “Атлетико” клубунун жаңы чабуулчусу Жоау Фелиш басма сөз жыйында “Биз курама командада болгонубузда Роналду менен Мадрид тууралуу көп сүйлөштүк. Мен бул жерге өзүмдүн тарыхымды жазганы келдим.Роналдуну мага салыштырып кереги жок. Криштиану — бул Криштиану, бирок мен өзүм болгум келет”,- деди

19 жаштагы португалиялык футболчу быйылкы сезондо 43 клубдук беттешүүгө катышып,20 гол киргизген. 12-апрелде Европа лигасынын 1/4 финалында хет-трик гол киргизген эң жаш футболчу аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!