​“Ливерпулдун” футболчусун тоноп кетишти

​“Ливерпулдун” футболчусун тоноп кетишти
10-Июль 2019, Шаршемби, 11:12

Англиянын “Ливерпуль” клубунун мурдагы футболчусу Дэниэл Старридж Лос-Анджелес шаарында баалуу буюмдарын жана итин уурдатты. Бул тууралуу Старридж инстаграм баракчасына жазды. Анда футболчу бир канча баштык баалуу буюмдарына эмес итине катуу капа болгон.

Дэниэл Старридж “ Кимдир бирөө менин үйүмө кирип,итимди уурдап кетти. Эгерде бирөө итимди таап келсе, каалаган акчасын төлөп берем” деп жазды.

Бул билдирүүдөн кийин анын достору 29 жаштагы футболчу 30 000 доллар берээрин жазып чыгышкан.

Футболчунун итинин аты Лаки Луччи. Ал шпиц түрүнө кирет. Иттин инстаграм баракчасында 3 миң катталуучусу менен жеке аккаунту бар.

Эсиниздерге сала кетсек, Дэниэл Старридж Англиянын “Ливерпуль” клубунда 2013-жылдары ойногон. Анын эсеп куржунунда 108 беттешүүдө 51 голу бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!