​Теннисте 15 жаштагы жаңы дүйнө жылдызы жанды

​Теннисте 15 жаштагы жаңы дүйнө жылдызы жанды
10-Июль 2019, Шаршемби, 14:43

Америкалык 15 жаштагы теннисчи Кори Гауфф мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы Винус Уильямсты биринчи айлампада жеңгени Уимблдондун тарыхында сенсация катары кабыл алынды. Ал эми экинчи айлампада 2017-жылда жарым финалга чыккан Магдалена Рыбарикованы, үчүнчү айлампада дүйнө рейтингинде 60 сапта турган Полон Херцог менен таймашты.

ЖҮЗ МИЛЛИОНДОГОН КЕЛИШИМДЕР КҮТҮҮДӨ

Бул ийгиликтердин артынан 15 жаштагы америкалык теннисчи Уимблдондун 1991-жылдан берки 1/8 финалындагы эң жаш катышуучу болуп калды.

Кори Гауфф учурда спортчу аялдар теннис мелдештериндеги бир жылдык демөөрчүлүк төлөмдөрү 50 миллион фунт стерлинг болушу күтүлүүдө. Эгерде Гауфф “Чоң шлемдин” бир канча турниринде жеңишке жетишсе, бул сан дагы эки эсеге жогорулайт. Демөөрчүлөр социалдык тармактарда миллиондогон катталуучу болгон спортчулар менен иштешүүгө даяр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!