​ESPN: Месси жылдын эң мыкты футболчусу аталды

​ESPN: Месси жылдын эң мыкты футболчусу аталды
11-Июль 2019, Бейшемби, 10:24

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси Американын атактуу спорт каналы ESPN версиясы боюнча Эл аралык эң мыкты футболчусу аталды.

Быйылкы сезондо 32 жаштагы футболчу испаниялык улуттук биринчиликте 34 беттешүүгө катышып, 36 гол киргизип, эң алдынкы чабуулчу болду. Мындан тышкары Месси 72 упай менен “Алтын бутса” сыйлыгына татыды.

Атактуу футболчунун эсебинде Испаниянын 9 чемпиондук наамы, 6 жолу Испания Кубогу, 8 ирет Испания Суперкубогу, 4 жолу Чемпиондор лигасы, 3 жолу УЕФА Супер кубогу жана 3 жолу клубдук дүйнө чемпионатына татыктуу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!