​Неймар кайрадан жаза алды

​Неймар кайрадан жаза алды
11-Июль 2019, Бейшемби, 11:11

Бразилиялык футболчу жана француздардын “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун чабуулчусу Неймар жаңы сезондун ачылыш машыгуусуна келбей кайрадан жаза алды. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазууда.Маалыматка ылайык “ПСЖ” жетекчилиги футболчунун айлык акысынан 375 миң доллар айып пул кести.

Неймардын машыгууга келбей калышын батыштын ЖМК “Барселона” клубуна кетти дегендей маалымат жазышкан эле.

Футболчунуну атасы “Неймардын машыгуу иш -чараларына келбеши мурдатан эле айтылган. Ал эми Instituto Neymar Jr фондунун кайрымдуулук иш -чаралары эки жыл мурда планданган болчу. Аны жылдырып коюууга мүмкүн эмес эле. Неймар машыгууга 15-июлда келет. Мындан бир драма чыгаруунун кереги жок болчу” деп билдирген

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!