Месси үй-жайсыздарды бекер тамактандырууда

Месси үй-жайсыздарды бекер тамактандырууда
11-Июль 2019, Бейшемби, 13:08

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин Росарио шаарындагы рестораны үй-жайсыз адамдарды 15 күн боюу бекер тамактандырып жатат. Marca басылмасынын билдиргенине караганда Аргентинада өткөн жумадагы чукул сууктан 5 киши каза болгон. Мессинин рестораны сууктан жабыр тарткан жана үй-жайсыз калгандарга кофе, тез татым жана алкоголсуз суусундуктады берүүдө.

“Бул акция 15 күнгө созулуп, ар күнү кечинде саат 19:00дөн 21:00 чейин ысык тамак беребиз” деп билдирген ресторандын менеджери Ариэль Альмада.

Эсиниздерге сала кетсек бүгун аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси Американын атактуу спорт каналы ESPN версиясы боюнча Эл аралык эң мыкты футболчусу аталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!