​Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды (видео)

​Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды (видео)
12-Июль 2019, Жума, 10:25

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Таиландда өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында алтын медаль тагынды. Финалдык таймашта Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинки категорияда жапониялык Рин Мияжини менен күрөшүп, 8:6 эсебинде жеңип алды. Дагы бир кыргызстандык спортчу Назира Марсбек кызы чемпионатта күмүш байгеге татыды.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 9-июлдан 14-июлга чейин уланат. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!