​ДЧ -2022: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

​ДЧ -2022: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
18-Июль 2019, Бейшемби, 10:41

Кыргызстандын футбол боюнча командасынын 2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо турундагы каршылаштары аныкталды.

Чучу кулак кармоо Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында болуп өттү. Ага континенттин 40 командасы сегиз топко беш команда болуп бөлүнгөн.

Кыргызстан улуттук курамасы Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашты.

ТАЙПАЛАР:

A: Кытай, Сирия, Филиппиндер, Мальдивы, Гуам;

B: Австралия, Иордания, Кытай Тайбэй, Кувейт, Непал;

C: Иран, Ирак, Бахрейн, Гонконг, Камбоджа;

D: Сауд Аравия, Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур;

E: Бангладеш, Оман, Индия, Афганистан, Катар;

F: Япония, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Монголия;

G: БАЭ, Вьетнам, Таиланд, Малайзия, Индонезия;

H: Түштүк Корея, Ливан, Кытай, Түркмөнстан, Шри-Ланка.

Кыргызстан курамасы буга чейинки Дүйнө жана Азия Кубогуна тандоо турунда өз тайпасында экинчи орунду камсыздап, 2018-жылдагы Азия Кубогунун плей-офф баскычына чейин жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!