Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту

Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
19-Июль 2019, Жума, 14:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүнатактуу спортчуга ыраазычылык билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Татьяна Колпакованын атындагы эл аралык турнир анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгонурмат-сыйы экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата-мекендик жаш спортчуларды тарбиялоогокошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал Татьяна Колпакованын спорттук жеңиштери жаштарды жогорку натыйжаларга жетишүүгө чакырарын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчу Татьяна Колпаковага бекем ден соолук, бакубатчылык каалады жана өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жакшы каалоо-тилектери жана анын спорттук жетишкендиктерине берген жогорку баасы үчүн Мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал өзү төрөлгөн жана кесипкөй спортчу катары калыптануу жылдары өткөн сүйүктүү Кыргызстанды ар дайым жүрөк тереңиндеги жылуу сезимдер менен эскере турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Белгилей кетчү нерсе, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)