Дүйнө чемпионатына кыргыз балбан кыздары катышат

Дүйнө чемпионатына кыргыз балбан кыздары катышат
24-Июль 2019, Шаршемби, 11:23

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Казакстандын Нур-Султан шаарында өтчү дүйнө чемпионатына даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султанда өтчү дүйнө чемпионатына Кыргызстандын 9 балбан кызы катышат. Алар 3-августка чейин Бишкек шаарында машыгууларын өткөрүшөт.

Машыгып жаткан балбан кыздар:

- 53 кг чейин - Мадина Надирова;

- 57 кг чейин - Нураида Анаркулова жана Кымбат Рысманбетова;

- 59 кг чейин - Айбике Артыкали кызы жана Назира Марсбек кызы;

- 62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова;

- 68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова;

- 76 кг чейин - Айпери Медет кызы;

- башкы машыктыруучу -Нурбек Изабеков;

- ага машыктыруучу - Байгазы Кенжебаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!